Өзбекстан Республикасынын Маалыматтык технологияларды жана коммуникацияларды өнүктүрүү министри Шерзод Шерматов Hong Kong Telecom жана Vision Invest компанияларынын жетекчилиги менен жолугушуу өткөрдү. Тараптар биргелешип ишке ашыруу пландалып жаткан долбоорлорду талкуулап, телекоммуникация тармагындагы узак мөөнөттүү пландарды да сүйлөшүштү.
Республикада дата-борборлорун биргелешип куруу жана бул маалымат борборлоруна чет элдик ири IT-компанияларды тартуу маселелери да талкууланды.
Буга чейин, 2024-жылдын январында Өзбекстан Республикасынын Санариптик технологиялар министрлиги, Vision Invest жана Hong Kong Telecom ортосунда кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлган. Бул меморандумга ылайык, телекоммуникация тармагындагы долбоорлорду жана изилдөөлөрдү ишке ашыруу боюнча сунуштар угулду.