Өзбекстан менен Жибутинин БУУдагы туруктуу өкүлдөрү эки өлкөнүн ортосунда дипломатиялык мамилелерди орнотуу боюнча тарыхый келишим түзүштү.
Чыгыш Африкада жайгашкан Жибути мамлекети Өзбекстан менен дипломатиялык байланыштар түзүлгөн 149-өнөктөш болуп калды.

2-майда Нью-Йоркто Өзбекстандын БУУдагы туруктуу өкүлү Улугбек Лапасов менен Жибутинин БУУдагы туруктуу өкүлү Ламин Дибба өз өлкөлөрүнүн өкмөттөрүнүн атынан биргелешкен коммюникеге кол коюшту. Тараптар эл аралык уюмдардын, анын ичинде БУУ жана анын адистештирилген мекемелеринин алкагында кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө даяр экендиктерин билдиришти.
«Эки тараптуу кызматташтыктын өз ара пайдалуу багыттарын табуу үчүн өз ара аракеттенүүнү активдештирүү боюнча макулдашууга жетишүү тараптардын көрсөтүлгөн колдоону тереңдетүүгө умтулуусун көрсөттү», — деп белгиленет расмий билдирүүдө.
Белгилей кетсек, Өзбекстан менен Жибутинин ортосундагы дипломатиялык мамилелердин ачылышы ар кандай деңгээлдеги достук байланыштарды жана кызматташтыкты өнүктүрүүгө жаңы дем берет.
Сүрөт: “Дунё” маалымат агенттиги