Өзбекстандын жогорку билим, илим жана инновация министри менен Улуу Британиянын элчисинин жолугушуусу болду — ИА Караван Инфо
Өзбекстандын жогорку билим, илим жана инновация министри менен Улуу Британиянын элчисинин жолугушуусу болду

Өткөн  жумада Өзбекстан Республикасынын Жогорку билим, илим жана инновация министри Конгратбай Шарипов Улуу Британиянын Өзбекстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Тимоти Смарт менен жолугушту.

Тараптар өлкөлөр ортосундагы билим берүү тармагындагы мамилелерди мындан ары кеңейтүү, ошондой эле Улуу Британиянын тышкы иштер министри Дэвид Кэмерондун республикага сапарынын жүрүшүндө жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.

Жолугушуунун катышуучулары Өзбекстандын кесиптик окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрүн Улуу Британияда андан ары ишке орноштурууга даярдоо маселесин талкуулашты.

Элчи 2024-жылы Улуу Британиянын Chevening билим берүү гранттарынын Өзбекстан үчүн эки эсеге көбөйүшүн белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жана эффективдүү башкаруу системасын түзүү боюнча Британ кеңешинин долбоорлорун ишке ашырууну улантуу, Британиянын Пирсон билим берүү программасын Өзбекстанда жайылтуу, ошондой эле адистерди даярдоо  жана жогорку окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрүн Улуу Британияга жумушка жиберуу учун макулдашууга жетишилди.

Сүрөт: Өзбекстан Республикасынын Өкмөттүк порталы

error: