2024-жылдын биринчи кварталында Кытай Орусиядан мунай берүүнү 13 пайызга көбөйттү — ИА Караван Инфо
2024-жылдын биринчи кварталында Кытай Орусиядан мунай берүүнү 13 пайызга көбөйттү

Үстүбүздөгү жылдын алгачкы үч айында Кытай Орусиядан жалпы 13 миллиард 860 миллион долларга 28 миллион 528 миң тонна мунай импорттоп, 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 13 пайызга өстү.

Кошумчалай кетсек, 2024-жылдын биринчи кварталынын жыйынтыгы боюнча Россия Кытайга мунай жеткирүүчүлөрдүн арасында жеткирүүнүн көлөмү боюнча да, мунайдын бир баррелине баа боюнча да лидерлик позициясын сактап калган. Экинчи орунда Кытайга 12,1 миллиард долларлык 19,8 миллион тонна мунай жеткирген Сауд Арабиясы турат.

error: