5 сентября, 2024 — Страница 5 — ИА Караван Инфо

ЖККУнун Кыргызстандагы машыгууларына авиация жана деңиз кемелери катышууда

“Өз ара аракеттенүү-2024”, “Издөө-2024”, “Эшелон-2024” эл аралык машыгуусуна Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикстандын улуттук контингенттери, ошондой эле ЖККУнун Катчылыгынын жана Бириккен штабынын өкүлдөрү катышат.Машыгууларга ЖККУга мүчө-мамлекеттердин улуттук контингенттеринин 1500дөн ашык аскер кызматчылары, ошондой эле 200дөн ашык аскердик техника, анын ичинде 10го жакын авиациялык техника жана 10го жакын деңиз кемелери катышат.

Садыр Жапаров коомдук башталышта иштеген бардык жардамчыларын жана кеңешчилерин бошотту

Президент Садыр Жапаров өз милдеттерин коомдук башталышта аткарган бардык жардамчыларды жана кеңешчилерди бошотуу чечимин кабыл алды.Мындай чечим президенттин администрациясын реформалоо жана башкаруу системасын өркүндөтүүнүн алкагында кабыл алынды.

Бишкекте «Баш-Карасуу» суу алгычында 5 скважина ишке киргизилди

Муниципалитеттен билдиришкендей, бул кошумча 5 артезиан кудуктары калкты ичүүчү суу менен камсыз кылууга багытталган.Аталган долбоор Ороктун 12 айылын,  ЖЭБ-2 конушун, Ак-Өргө, Ак-Ордо конуштарынын жогорку бөлүгүн, ошондой эле Арча-Бешиктин түштүк тарабын суу менен камсыз кылат.Жаңы скважиналарды кошуу Орто-Алыш суу алгычындагы жүктү бир топ азайтып, Баш-Карасуунун суу өндүрүмдүүлүгүн саатына 500 куб метрге...

Мамкызмат жана ЖӨБ агенттиги бардык мамлекеттик кызматкерлерди кайралан окутууну пландаштырууда

Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору Антье Граве менен жолугушту. Бул тууралуу аталган агенттиктен билдиришти. Жолугушуунун жүрүшүндө Кудайберген Базарбаев агенттиктин ишмердүүлүгү жөнүндө айтып берип, аын ичинде мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кадрлар резерви, административдик-аймактык реформанын (ААР) негизги артыкчылыктуу багыттарына токтолду.Ошондой...

Абсаттар Сыргабаев транспорт жана коммуникациялар министри болуп дайындалды

"Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, КР Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 71-беренесине ылайык Сыргабаев Абсаттар Токтогулович мурда жүктөлгөн милдетин аткаруудан бошотулуп, транспорт жана коммуникациялар министри болуп дайындалды", – деп айтылат маалыматта.

Кыргызстан коопсуз, тартипке салынган жана легалдуу миграция жөнүндө Глобалдык келишимге кошулду

Бул маанилүү кадам Кыргыз Республикасынын эл аралык стандарттарга жана принциптерге берилгендигин күбөлөндүрөт. Аталган келишим миграцияны башкарууну жакшыртууга, мигранттардын укуктарын камсыз кылууга жана бул жаатта эл аралык кызматташууга көмөк көрсөтүүгө багытталган.Кыргыз Республикасы адам укуктарын урматтоого жана гумандуулук принциптерине негизделген глобалдык миграциялык системага интеграцияланууга умтулат. Глобалдык келишимге кошулуу өлкөнүн эл аралык стандарттарга...

Бишкекте №8 троллейбустук каттамдын схемасы жарым-жартылай өзгөртүлдү

Бишкек мэриясынын маалыматына караганда, эгерде мурда маршруттун акыркы аялдамаларынын бири А.Изибаев атындагы кыргыз мамлекеттик цирки болсо, эми троллейбус Тунгуч кичи районуна чейин каттайт.Белгилей кетсек, №8 троллейбус Ак-Өргөдөн Тунгуч кичи районуна  чейин убактылуу каттайт.

Ош шаары Германия менен эки тараптуу байланышты бекемдейт

Жолугушууда тараптар эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты, анын ичинде билим берүү, медицина, маданият, спорт тармактарында, миграция жана жумушка орноштурууда өз ара байланыштарды өнүктүрүү боюнча талкуулашты. Бакытбек Жетигенов шаардын өнүгүшү жана инвестициялык потенциалы тууралуу айтып берип, кызматташууну чыңдоонун алкагында Ош шаарында немис тилин үйрөтүү боюнча атайын борборду ачууну сунуштады. Немис тарап медициналык мекемелердин ортосундагы...

Новопавловка көрүстөнүндө маркумдарды көмүү иштери токтотулду

Чечим көмүлгөн жерди күтүүгө карата санитардык-экологиялык талаптардын сакталышын камсыз кылуу максатында мыйзамда белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын, ошондой эле Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлү үчүн борбордун корутундуларынын негизинде кабыл алынган. Белгилей кетсек, маркумдардын сөөгүн коюу Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Гроздь айылындагы шаардык көрүстөндө жүргүзүлүшү мүмкүн.

Билим берүү министрлиги окуучулардын катышуусу менен маданий-массалык иш-чараларды өткөрүүнүн тартибин бекитти

Ведомствонун маалымат кызматынан билдиришкендей, ага ылайык окуучулардын катышуусу менен өткөрүлүүчү маданий-массалык иш-чаралар министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарынын (социалдык жана билим берүү чөйрөлөрү боюнча) макулдугу жана Билим берүү жана илим министрлигинин уруксаты менен өткөрүлөт.Жергиликтүү деңгээлде өткөрүлүүчү иш-чаралар БИМдин аймактык түзүмүнүн уруксаты жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын башчысынын макулдугу менен өткөрүлөт.Иш-чараны...

Кыргызстанда 10го жакын мектеп аралыктан окутууга өттү. Себеби

Ысык-Көл облусу боюнча 5 мектеп соңку жаан-чачындан кийинки селдин кесепеттерин жоюу жана оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу убактылуу аралыктан (онлайн) окутууга өттү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.Мектептердин тизмеси:Мындан сырткары,

Садыр Жапаров өспүрүмдөр арасында күрөш боюнча дүйнөлүк чемпионатта байгелүү орундарды ээлегендер менен жолукту

Мамлекет башчысы өз сөзүндө жаш балбандар Кыргызстандын Эгемендик майрамын жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгын салтанаттуу белгилөөнүн алдында жалпы кыргыз элине жакшынакай белек тартуулаганын айтты.Садыр Жапаров дегеле быйыл Кыргызстандын спортчулары үчүн жемиштүү жыл болгонуна баса белгилеп өттү. Парижде өткөн 33-Жайкы олимпиада оюндарында кыргызстандыктар 6 медаль утуп, кыргыз спортунун тарых барагын...

error: