Ноокен районунун Жаңы-Арык айылында №35 Шамшидин Суеркулов атындагы жаңы типтүү мектеп имаратынын ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн кабарлашты.
Билим берүү уясы 275 орунга ылайыкташкан. Курулуш иштери 2022-жылы башталып, республикалык бюджеттен 71 млн 230 миң сом каражат жумшалган.
Мектептин эски имараты 1986-жылы курулуп, 192 орунга ылайыкташкан. Бүгүнкү күндө айыл жашоочуларынын саны өсүп, эскилиги жеткен мектепте 380 окуучу, үч нөөмөт менен билим алып келишкен.
Мектептин ачылышына Жалал-Абад облусунун башчысы Тилек Текебвев, Жогорку Кеңештин депутаттары Шарапаткан Мажитова, Талант Мамытов, КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Мейкинбек Абдалиев, жергиликтүү бийлик жана айыл тургундары катышты.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/