Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети бүгүн, 28-январда КР президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын 2021-2025-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планынын” аткарылышы боюнча маалыматын укту.
Аталган маселе боюнча Кр президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев, “Кыргызтест” мамлекеттик мекемесинин директору Батма Топоева-Ставинская маалымат беришти.
Талкуунун жүрүшүндө депутат Жанарбек Акаев “Кыргызтест” мекемесинин материалдык-техникалык базасын жакшыртуу зарылдыгына көңүл буруп, мультфильмдерди тартууга каражат бөлүү, мамлекеттик тилдеги контенттин көлөмүн көбөйтүү маселелерин да белгиледи.
Депутат Дастанбек Жумабеков мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча улуттук комиссиянын жүргүзүп жаткан иштери тууралуу суроолорду берип, мамлекеттик тилди колдонуу тиешелүү конституциялык мыйзам менен жөнгө салынарын баса белгиледи.
Ал ошондой эле “Кыргызтест” мекемесинин ишин күчөтүү, балдарга кыргыз тилин окутуунун методикасын кайра карап чыгуу зарылдыгын айтты.
Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев депутаттар белгилеген суроолорго жооп берип жатып, Жогорку Кеңештин Төрагасынын көмөгү менен мектепке чейинки мекемелерге улуттук элементтери бар этно-комплекттер тапшырылганын кошумчалады.
Талкуунун жыйынтыгында комитет Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын маалыматын эске алды.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/