Ноокатта өрттү алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү
Ош облусунун Ноокат районунун Он Эки Бел айын аймагынын Кеңеш айылынын жашоочуларына өрттүн алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, иш-чаранын алкагында ӨКМдин Ноокат райондук өзгөчө кырдаал бөлүмүнүн өздүк курамы тарабынан өрт коопсуздук эрежелерин сактоону, тилсиз жоону алдын алууну жана өрт өчүрүү каражатын колдонуу тууралуу маалымат берилип, сунуш баракчалар таратылды.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/