2025-жылдын 6-февралында Елисей сарайында Кыргыз Республикасынын Франциядагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Садык Шер-Нияз Франциянын Президентинин дипломатиялык кеңешчиси Бертран Бушвальтер менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-француз эки тараптуу кызматташтыгынын кеңири чөйрөсүн талкуулашты, атап айтканда, 2025-жылы жогорку деңгээлде өз ара сапарларды уюштуруу жолу менен саясий диалогду кеңейтүүгө багытталган эки тараптуу ниет билдирилди.
Элчи С.Шер-Нияз келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү жолу менен саясий, соода-экономикалык жана маданий-билим берүү мамилелерин мындан ары активдештирүүгө, ошондой эле үстүбүздөгү жылы Бишкек шаарында кезектеги кыргыз-француз бизнес-форумун уюштурууга басым жасады.
Тараптар ошондой эле көп тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулашты, анын ичинде БУУнун шайлоо органдарына өз ара колдоо көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрү жана Кыргыз Республикасынын башка демилгелери каралды.
Француз компанияларынын Кыргызстанда экономикалык долбоорлорду ишке ашырууга, өзгөчө энергетикалык, туристтик жана фармацевтикалык секторлорду өнүктүрүүгө катышуусуна оң баа берилди.
Тараптар ошондой эле терроризм жана аймактык коопсуздук маселелери боюнча пикир алмашты.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/