Жакында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушту. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө кызматташтыктан баштап, коопсуздук жана соодага чейин түрдүү маселелер талкууланды. Бул жолугушуу кандай натыйжа берет жана кыргыз-орус өнөктөштүгүнүн келечеги кандай болот? Коопсуздук боюнча эксперт Токтогул Какчекеев “Биринчи радионун” эфиринде өз оюн билдирди.
"Акыркы эки жылда Кыргызстандын президенти Орусияга беш жолу келди. Ар бир жолу актуалдуу маселелер боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Азыр "сен жакшы, мен жакшы" деген расмий сапарлар жок. Садыр Жапаров конкреттүү маселелерди талкуулап, аларды Орусиянын жардамы менен чечүүгө аракет кылат. Акыркы жолугушууда президенттер кучакташып жатышты – бул эл аралык достук мамиленин сейрек белгиси", – деди ал.
Ошондой эле кыргыздын “Башың бийик болсо, ташың алыс түшөт” деген макалын кыргыз-орус мамилесине байланыштырды.
Анын айтымында, эгемендүүлүк алгандан кийин Орусия Кыргызстанды жалгыз калтырган жок: жыл сайын бюджеттин тартыштыгын жабууга 30 миллион доллардан 80 миллион долларга чейин каржылык жардам көрсөтүлүп турган. Өз кезегинде Кыргызстан акыркы мезгилде Орусияга лоялдуулугун жана туруктуулугун көрсөтүп, аны колдоп келген.
"Биздин мамилебиздин уланып жатканы жакшы. Россиянын жардамы менен Балыкчыга аскердик завод куруп, азыр оор аскердик техникаларды өзүбүз оңдогонго мүмкүнчүлүк түзүлдү. Негизинен күч түзүмдөрү каржыдан көз каранды. Акчасыз армия ачка, техникасыз, формасыз калат. Акырындык менен куралданып баштаганыбыз жакшы жышаан эмес", – деди ал.
Ал ошондой эле азыркы дүйнөдө болуп жаткан окуялардын шартында Кыргызстан стратегиялык өнөктөш катары Орусия менен мамилесин чыңдабаса, потенциалдуу коркунучтар өлкөнүн өзүнө да келиши мүмкүн экенин кошумчалады.