Бишкек шаарында Бишкек шаарынын мэриясынын атынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен «Hyper Partners» (Өзбекстан Республикасы) жоопкерчилиги чектелген коом түрүндөгү чет өлкөлүк ишкананын ортосунда инвестициялык макулдашууга кол коюлду.
Документке кыргыз тараптын атынан Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, ал эми инвестордун атынан компаниянын башкы директору Бобурбек Усманов кол койду.
Келишим Бишкек шаарында көп функционалдуу комплексти куруу боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашырууну карайт, ал төмөнкүлөрдү камтыйт:
- заманбап бизнес борбору;
- турак-жай жана соода аймактары;
- мейманкана батирлер;
- соода жана коомдук тамактануу объектилери;
- эс алуу зоналары, жашылдандыруу жана унаа токтоочу жайлары бар жашылдандырылган аймак.
Долбоор шаардын инфраструктурасын өнүктүрүүгө, инвестициялык климатты жакшыртууга, жумуш орундарын түзүүгө жана борбордун көрүнүшүнө заманбап архитектуралык чечимдерди киргизүүгө багытталган.
Долбоордо ошондой эле Октябрь районунун №8 МТУнун аймагында аянты 3,3519 га болгон окуу-түшүндүрүү комплексин куруу, кийин бүткөрүлгөн объектти мамлекетке өткөрүү каралган. Окуу-түшүндүрүү комплекси 25 миң кишиге ылайыкталган мечиттен жана диний билим берүү мекемеси, медреседен турат.
Hyper Partners – Өзбекстан Республикасында катталган жана кыймылсыз мүлк, өнүктүрүү жана курулуш тармагына инвестиция салууга адистешкен динамикалуу өнүгүп жаткан компания. Акыркы жылдары компания Ташкентте жана Борбор Азия чөлкөмүнүн башка шаарларында бир катар ийгиликтүү долбоорлорду ишке ашырып, бизнес жүргүзүүгө туруктуу мамиле жасаган ишенимдүү инвестор катары репутацияга ээ болду. Кыргыз Республикасында 2024-жылдын май айында Бишкек шаарында катталган «Туран Сити» ЖЧКсы туунду компаниясы аркылуу көрсөтүлгөн.
Бишкек шаарынын мэриясы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан сөз сүйлөп, долбоордун стратегиялык маанисин белгилеп, аны ишке ашыруунун бардык этаптарында колдонуудагы мыйзамдардын алкагында ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.