Өзбекстандын ишке орноштуруу жана жакырчылыкты кыскартуу министри Бехзод Мусаев жогорку окуу жайларды бүтүргөндөрдүн 60 пайызынан жакыны жумуш таба албай жатканын билдирди. Бул тууралуу Мыйзам чыгаруу палатасынын пленардык жыйынында айтылды.
Министрдин айтымында, быйылкы 214 миң бүтүрүүчүнүн 41 пайызы гана эмгек келишиминин негизинде бирдиктүү улуттук ишке орноштуруу системасы аркылуу ишке орношо алган. Ошол эле учурда 102 миң ачык бош орунда 95 миң адам иш таба алат.
Мусаев белгилегендей, август жана сентябрь айларында жумушсуз бүтүрүүчүлөрдү активдүү ишке орноштуруу пландалууда. 2024-жылдын январь-июнь айлары аралыгында ишке орноштуруу бөлүмүнө 415 миң жумушсуз жаран кайрылган. Үстүбүздөгү жылдын аягына чейин 2,4 миллион адамды жумуш менен камсыз кылуу пландалууда.
Сүрөт: Pixabay.com/shauking