Касым-Жомарт Токаев «Казатомпром» улуттук атом компаниясы» ААКнын 2024-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы ишмердүүлүгү тууралуу отчетун укту.
Ишкананын башкармалыгынын төрагасы Мейиржан Юсупов бул аралыкта 11 миң тоннага жакын уран өндүрүлүп, сатуу көлөмү 8 миң тоннага жакын болгонун билдирди. Президентке ошондой эле Казакстандын минералдык-сырьелук базасын кеңейтүүгө жана толуктоого багытталган долбоорлор, ошондой эле компаниянын геологиялык чалгындоо активдерин кеңейтүү боюнча пландары тууралуу маалымат берилди.
Кошумчалай кетсек, жыл башынан бери “Казатомпром” аймактарды социалдык өнүктүрүүгө, анын ичинде селден жабыркагандарга жардам көрсөтүүгө 3,5 миллиард теңгеден ашык каражат бөлгөн.
Жолугушуунун жыйынтыгында Касым-Жомарт Токаев геологиялык чалгындоо иштерин улантуунун жана өлкөнүн ресурстук базасын толуктоонун маанилүүлүгүн белгилеп, компанияга бул багытта жигердүү иштерди улантууну тапшырды.
Сүрөт: Акорда – Казакстан Республикасынын Президентинин резиденциясы