Жогорку ылдамдыктагы интернетти жайылтууга арналган 18 спутниги бар кытай ракетасы космосто жарылды. Спутниктер өткөн аптада учурулган, бирок миссия ийгиликсиз аяктаган, муну Кытайдын Тышкы иштер министрлиги расмий тастыктады, деп билдирет Bloomberg. Буга чейин Кытайдын космостук илим жана технология корпорациясы ракета ийгиликтүү учурулганы тууралуу кабарлаган.
Жардыруу акыркы ондогон жылдардагы космостук калдыктардын эң ири булактарынын бири болуп калышы мүмкүн. Буга карабастан, Кытай бийлиги орбиталык аймактардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чаралар азыртадан эле көрүлүп жатканын ишендирди.
Бул 2030-жылга чейин орбитага 15 000 спутник чыгарууну пландаган Шанхай космостук компаниясы тарабынан учурулган интернет спутниктеринин биринчи партиясы болгон.
Сүрөт: Pixabay.com/NASA-Imagery