2025-жылдын 19-декабрында Бишкектеги Sheraton мейманканасында кыргыз футболундагы жылдын жыйынтыгын чыгарууга арналган KFU Football Awards 2025 аземи өттү.
Кыргыз Футбол Биримдиги жыл сайын футболдогу жетишкендиктер үчүн жеке сыйлыктарды тапшырат. Аземге КФУнун президенти Камчыбек Ташиев жана футбол коомчулугунун өкүлдөрү катышты.
2025-жылдын эң мыкты номинациялары:
-
Кыргызстандын мыкты футболчусу Эржан Токотаев 170 миң сом.
-
Мыкты футзалчы Шохрух Махмадаминов, 90 000 сом.
-
Мыкты аял футболчу – Нагима Туралиева, 90 000 сом
-
Мыкты жаш футболчу – Кими Мерк, 90 000 сом
-
Мыкты футбол машыктыруучусу : Эдмар Ласерда, 170 000 сом
-
Футзал боюнча мыкты машыктыруучу : Луис Бернат Молина, 70 000 сом
-
Аялдар футболунун мыкты машыктыруучусу : Антонио Меса, 70 000 сом
-
Мыкты футбол калысы : Эрланбек Осмонов, 50 000 сом
-
Футзал боюнча мыкты калыс – Нурбек Арстанбек уулу, 50 миң сом
-
Эң мыкты футбол клубу – "Барс", 50 000 сом.
-
Мыкты аймактык уюм – Чүй облусунун футбол ассоциациясы, 50 000 сом
-
Мыкты спорттук уюм – Мурас машыгуу базасы, 50 000 сом
Белгилей кетсек, бардык номинациялар боюнча "2025-2034-жылдарга карата Кыргыз Республикасында футболду өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгына ылайык жалпысынан 1 миллион сомдук атайын сыйлыктар ыйгарылды.
20.12.2025 19:10:42

