Казакстанда, Жунгар Алатауынын тоолорунда Казакстандын десантчылары менен Азербайжандын атайын күчтөрүнүн катышуусунда “Алтын кыран” биргелешкен тактикалык жана атайын машыгуулар башталды. Машыгуунун максаты тажрыйба алмашуу жана бөлүктөрдүн күжүрмөн даярдыгын жогорулатуу болуп саналат.
Курама командаларга бөлүнгөн машыгуунун катышуучулары ар кандай тапшырмаларды аткарышат, анын ичинде альпинизмге машыгуу, тоо шартында биринчи медициналык жардам көрсөтүү, аман калуу көндүмдөрү. Казак десантчылары тоолордо аман калуу тажрыйбасы менен бөлүшүшүүдө, ал эми азербайжандык кесиптештер учкучсуз учуучу аппараттарды жана чалгындоо бөлүктөрүн колдонуу боюнча тажрыйбалары менен бөлүшүшөт.
Машыгуунун жетекчисинин орун басары полковник Агзам Берденов Азербайжандын аскер кызматкерлеринин даярдыгынын жогорку деңгээлин белгилеп, биргелешкен машыгуулар эки бөлүктүн тең эффективдүүлүгүн жогорулатат деген ишенимин билдирди.
Сүрөт: Казакстан Республикасынын Коргоо министрлиги