Кытайлык инвестор Кыргызстандагы “Жунда” мунай иштетүүчү заводун модернизациялоого 169 миллион доллар инвестиция салууну пландоодо. Бул тууралуу заводдун башкы директору Хуан Цян Жогорку Кеңештин вице-спикери Нурланбек Азыгалиев менен болгон жолугушууда билдирди.
Хуан Цяндын айтымында, модернизацияны 2025-жылга чейин бүтүрүү пландалууда, бирок ал так даталарды айткан жок. Долбоордун алкагында ишканада зыяндуу заттардын чыгышын азайтып, жагымсыз жыттарды жок кылуучу жабдуулар орнотулат.
Эске салсак, кытайлык China Petrol Company Junda компаниясы 2014-жылы ишке кирген Джунда мунай заводунун курулушуна 300 миллион долларга жакын инвестиция салган. Мурунку модернизациядан кийин заводдун кубаттуулугу жылына 800 миң тоннага чейин жеңил мунай затын өндүрүүгө мүмкүндүк берет.
Сүрөт: АКИpress