Кытай АКШнын президенти Жо Байдендин жаңы жашыруун атомдук стратегияны жактыруусуна олуттуу тынчсыздануусун билдирди. Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мао Ниндин айтымында, АКШ стратегиялык ядролук тобокелдиктердин дүйнөдөгү эң ири жаратуучусу.
Мао Нин Кошмо Штаттар акыркы жылдарда «Кытайдын ядролук коркунучу» теориясын активдүү түрдө пропагандалап, аны ядролук куралсыздануу боюнча өзүнүн милдеттенмелеринен качуу учун шылтоо катары пайдаланып жаткандыгын белгиледи. Анын айтымында, Кытайдын ядролук арсеналынын масштабы АКШныкынан кыйла кичине жана өлкө ядролук куралды биринчи жолу колдонбоо саясатын карманат. Кытай ядролук потенциалын улуттук коопсуздукту камсыз кылуу үчүн зарыл болгон минималдуу деңгээлде кармап турат.
АКШнын жаңы ядролук стратегиясы тууралуу кабарлар Нью-Йорк Таймс гезитинин билдирүүсүнөн кийин, Байден март айында Кытайды анын ядролук арсеналы тездик менен кеңейтип жаткандыктан, чектөөгө багытталган жашыруун планды жактырган.
Сүрөт: Pixabay.com/PPPSDavid