Алматы, 2025-жылдын 30-декабры – Karavan Info маалымат агенттиги. Казакстан Республикасынын Жасалма интеллект жана санариптик өнүктүрүү министрлиги менен Freedom Lifestyle компаниясы Алматыда өлкөдөгү биринчи пилотсуз дрон жеткирүү кызматын ишке киргизүү боюнча меморандумга кол коюшту. Санариптик өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, пилоттук долбоор 2026-жылдын январь айында башталат.

Пилоттук долбоордун жүрүшүндө дрондор шаардын эки жеринен 3 чакырымга чейинки радиуста азык-түлүк, күнүмдүк керектелүүчү товарлар жана дары-дармектерди жеткиришет. Ар бир дрон 10 килограммга чейинки салмактагы жүктөрдү көтөрө алат.
«Пилоттук долбоорлор бизге технологияларды реалдуу шарттарда сынап көрүүгө жана зарыл болгон жөнгө салуучу чечимдерди иштеп чыгууга мүмкүндүк берет», – деди Санариптик өнүктүрүү министрлигинин Санариптик активдер боюнча комитетинин төрагасы Гиззат Байтурсынов.
Долбоор этап-этабы менен иштелип чыгат: сыноо 2026-жылдын январынан мартына чейин жүргүзүлөт жана байланыш каналдарынын коопсуздугу жана туруктуулугу тастыкталган сайын дрондордун санын көбөйтүү пландаштырылууда.
Сүрөт : MCRIAP RK
