ООГАНСТАН, 2026-жылдын 7-февралы – Karavan Info маалымат агенттиги. Талибандын Ички иштер министрлиги Фарах жана Урузган провинцияларында көп өлчөмдөгү баңгизат кармалганын жарыялады.

Ошондой эле агенттик Фарах провинциясынын Бала Булук районунда өндүрүш жабдуулары менен кошо апийим ташып бара жаткан төрт адам камакка алынганын билдирди.
Жайдын башында Ирандын Баңгизатка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын эл аралык мамилелер боюнча башкы директору Мохаммад Наримани Ооганстандагы кампалардан Иранга жана башка өлкөлөргө баңгизат аткезчилиги дагы эле уланып жатканын билдирди.
Анын айтымында, Ооганстандан келип чыккан баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөштүн алдыңкы сабында Иран, Пакистан, Тажикстан жана Орусия турат.
Кечээ Кабулда өткөн Доха процессинин баңгизатка каршы күрөшүү боюнча жумушчу тобунун төртүнчү жыйынында Талибандын өкүлдөрү Ооганстанда апийим өстүрүү жана салттуу баңгизаттарды өндүрүү дээрлик нөлгө чейин кыскарганын билдиришти.
Сүрөт: IRIN/A. Shahin
