Бишкекте коомдук транспортто рейд өткөрүлдү
«Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасы шаардагы троллейбустардын тейлөө сапатын көзөмөлдөө боюнча рейд өткөрүштү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Ишкананын кызматкерлери санитардык нормалардын сакталышын, транспорттун техникалык абалын, айдоочулар үчүн жарактуу талондордун бар-жогун жана төлөө ыкмаларын, анын ичинде QR код аркылуу төлөмдөрдү текшерүү иштерин жүргүзүштү.
Ошондой эле окуу жылынын башталышына байланыштуу жол кыймылынын интервалдары жана жүргүнчүлөрдү ташуу көзөмөлгө алынууда.
