Жогорку чыӊалуудагы "Ала-Арча" көмөк чордонунда оңдоо иштери 80%га аяктады - ИА Караван Инфо
Жогорку чыӊалуудагы "Ала-Арча" көмөк чордонунда оңдоо иштери 80%га аяктады

Келе жаткан 2024-2025-жж. күз – кыш мезгилине даярдык көрүү максатында, ошондой эле керектөөчүлөрдү ишенимдүү жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн Бишкек электр тармактар ишканасы электр жабдууларын оңдоп-түзөөдөн өткөрүп жатат.

Көмөк чордондор кызматы тарабынан жогорку чыӊалуудагы 220/110/10 кВ «Ала-Арча» көмөк чордонунда 220 кВ «Кемин» аба чубалгысынын өчүргүчтөрүндӨ оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. «Ала-Арча» көмөк чордондор тобунун кызматкерлери изоляторлорду тазалоо, контакттарды көтөрүү, өчүргүчтүн иштеткичин тууралоо жана ревизиялоо, релелик коргоо автоматикалык жабдууларынын түзүлүштөрүн текшерүү иштерин жүргүзүүдө.

Белгилей кетсек, 2024-жылга карата оңдоо иштеринин планына ылайык АТ-1 автотрансформаторундагы 110 кВ шина көпүрөсү алмаштырылып, диспетчердик аталыштар жана жабдуулардын фазалары жаңыртылган.

Бүгүнкү күндө 220/110/10 кВ «Ала-Арча» көмөк чордонундагы оңдоо иштери 80% га аяктады.

error: