"Качкын" тасмасынын дүйнөлүк премьерасы Азиядагы абройлуу кинофестивалда өтөт
Тасма “Эң мыкты тасма” номинациясында көрсөтүлгөн.
Busan International Film Festival кинофестивалы 2-октябрдан 11-октябрга чейинки аралыкта Түштүк Кореяда өтөт. Иш-чара быйыл 29-ирет уюштурулууда.
Маалымат үчүн: “Качкын” тасмасынын режиссеру Дастан Жапар. Жаңы тасмада коопсуз миграция жана заманбап кулчулук темалары көтөрүлөт. Тасма Нарын, Балыкчы жана Токтогул шаарларында тартылган.
Кошумчалай кетсек, Дастан Жапар буга чейин өзүнүн «Атанын керээзи» жана «Акыркы көч» аталышындагы тасмалары менен белгилүү болгон.