Кыргызгидрометтен билдиргендей, 7-сентябрда Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл облусунун көпчүлүк жеринде жаан, тоолуу аймактарында кар жаайт. Ош, Баткен, Нарындын айрым жерлеринде жамгыр болушу ыктымал
Чүй облусунда түнкүсүн +4°…+9°, күндүз +13°…+18°
Таласта түнкүсүн +1°…+6°, күндүз +13°…+18°
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын аймагында түнкүсүн +8°…+13°, күндүз +18°…+23°, тоо этектеринде — түнкүсүн -2°…+3°, күндүз +9°…+14°
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -1°…-6°,күндүз +8°…+13°
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +2°…+7°, күндүз +12°…+17°
Нарында 0°…+5°, күндүз +13°…+18°, бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -1°…-6°, күндүз +5°…+10° градус болот
8-сентябрда түнкүсүн жана эртең менен Чүй облусунун тоо этектеринде, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында үшүк жүрүшү күтүлөт.
Мындай аба ырайы жыйнала элек мөмө-жемиш жана жашылчалар үчүн кооптуу.