Акылбек Жапаров Президенттик Администрациясынын жаңы имаратында биринчи аппараттык кеңешме өткөрдү - ИА Караван Инфо
Акылбек Жапаров Президенттик Администрациясынын жаңы имаратында биринчи аппараттык кеңешме өткөрдү

Жыйындын жүрүшүндө өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн актуалдуу маселелери, калктын жашоо-турмушун жакшыртууга багытталган стратегиялык демилгелерди ишке ашыруунун жүрүшү, ошондой эле Президенттик администрациясынын үстүбүздөгү жумадагы иш планы талкууланды. 

 «Президенттик администрациянын жаңы имаратынын ачылышы – жаңылануунун символу.  Жаңы имаратта иштөө бул жөн эле жер алмаштыруу эмес, бул мамлекетибиздин тарыхынын жаңы барагы.  Элибиздин бакубат жашоосу үчүн жан-дили менен иштөөгө милдеттүүбүз», — деди Акылбек Жапаров.

 Жыйынга президенттик администрациянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, министрликтердин, ведомстволордун жетекчилери жана президенттин аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү видеоконференция аркылуу катышты.