ООГАНИСТАН, 2026-жылдын 6-марты – Karavan Info маалымат агенттиги. БУУнун Гуманитардык маселелерди координациялоо боюнча башкармалыгы (OCHA) 4-мартка карата талиптер менен Пакистан күчтөрүнүн ортосундагы кагылышуунун натыйжасында кеминде 56 жай тургун каза болуп, дагы 129 адам жаракат алганын билдирди.

Куралдуу кагылышуулардан Ооганстандын 10 провинциясы: Кабул, Кандагар, Хост, Кунар, Лагман, Нангархар, Нуристан, Парван, Пактия жана Пактика жабыркады.
OHAнын эсептөөлөрү боюнча, Хост, Кунар, Нангархар, Пактика, Пактия жана Нуристанда 163 миңден ашык адам чыр-чатактар жана жер титирөөлөрдөн улам үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болушкан.
Эң чоң зыянды Хост жана Кунар тургундары тарткан; акыркысында согуш жүрүп жаткан жерге жакын жайгашкандыктан 25 000ден ашык адам эвакуацияланган.
Эгерде согуш улана берсе, Кунар жана Нангархарда дагы 14 000ге жакын адам үй-жайын таштап кетиши мүмкүн. БУУ ошондой эле Пакистандын аба соккулары медициналык жана гуманитардык мекемелерди кошо алганда, жарандык инфраструктурага зыян келтиргенин белгилейт.
Чыр-чатактын күчөшүнө байланыштуу гуманитардык уюмдар Спин Болдек жана Тахта Пул сыяктуу кооптуу аймактардагы кызматкерлерин убактылуу Жалалабад жана Кандагарга көчүрүштү, ал эми Чек ара кызматташтыгы консорциуму кызматкерлерин Туркхамдан Жалалабадга көчүрдү.
Сүрөт: Bloomberg
