Кыргызстанда күрөш боюнча Азия чемпионаты өтүүдө — ИА Караван Инфо
Кыргызстанда күрөш боюнча Азия чемпионаты өтүүдө

Бишкекте күрөш боюнча Азия чемпионаты ачылды. Ачылыш аземинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров сөз сүйлөдү.

«Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин атынан сиздерди күрөш боюнча Азия чемпионатынын ачылышы менен куттуктап коюуга уруксат этиңиздер. Күрөш – бул күчтү жана шамдагайлыкты гана сыноо эмес, ошондой эле өзүнүн жарашыктуулугу жана техникасы менен өзгөчөлөнүп турган бир тартип. Бул чемпионат чыныгы чемпиондорду аныктаган мыкты атлетикалык көндүмдөрдү, туруктуулукту жана күрөшүүнүн духун көрсөтүчү аянтча болуп калат. Азиянын эң мыкты спортчулары “Азия чемпиону” ардактуу наамы жана Парижде боло турган Олимпиада оюндарына жолдомо алуу үчүн өлкөбүздүн бардык алдыңкы спортчулары күч сынашат”,-деди министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров.

А. Жапаров Кыргызстанда күрөштү өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатканын айтып, ошондой эле бул чемпионат башка өлкөлөрдун спортчулары ортосундагы достук байланышты чыңдоого кызмат кылаарын белгиледи.

Жалпысынан Азия чемпионатына 30дан ашык өлкөдөн 600дөй спортчу катышууда. Белгилей кетсек, Кыргызстандын спортчулары алган 5 лицензиянын 4ү атайын күрөш боюнча болгон.

error: