ООГАНИСТАН, 2026-жылдын 25-апрели – Karavan Info маалымат агенттиги. Бадахшан провинциясында Ооганстандагы Тажикстан элчилигинин өкүлдөрү — аскердик атташе Хуршид Адиназада жана биринчи катчы Назар Али — провинциянын губернатору Мухаммад Исмаил Газнави менен жолугушту.

Тараптар чек ара аймактарындагы коопсуздукту чыңдоо, чек араны натыйжалуу башкаруу, ошондой эле Бадахшандагы тажик консулдугун кайра ачуу жана эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.
Тажик дипломаттары чек ара көзөмөлүн жана аймактагы туруктуулукту күчөтүү зарылдыгын баса белгилешти. Жолугушуу Душанбенин Ооганстан менен чек арадагы кырдаал боюнча тынчсыздануусу уланып жаткан учурда өттү.
Буга чейин тажик бийлиги Кытайдын колдоосу менен чек ара аймактарында жаңы аскердик жайларды куруу планын жарыялаган.
Чек ара аймактарында бир нече кытай жараны өлтүрүлгөнү тууралуу маалыматтардан кийин коопсуздук маселелери күчөдү, тажик тарап бул окуяларды Ооганстан менен байланыштырды.
Ошол эле учурда, Гүлистон шаарында өткөн жыйында КМШнын Чек ара кызматтарынын жетекчилеринин кеңешинин өкүлдөрү да Ооганстандагы саясий, аскердик жана экономикалык кырдаалдын туруксуздаштыруучу таасирине тынчсыздануусун билдиришип, анын Борбордук Азия өлкөлөрүнүн чек ара коопсуздугуна түздөн-түз таасирин белгилешти.
Сүрөт: AWN (Ооганстан жана дүйнөлүк жаңылыктар)
