Садыр Жапаров ШКУга мүчө мамлекеттердин коргонуу ведомстволорунун жетекчилерин кабыл алды – ИА Караван Инфо
Садыр Жапаров ШКУга мүчө мамлекеттердин коргонуу ведомстволорунун жетекчилерин кабыл алды


БИШКЕК, 2026-жылдын 28-апрели – Karavan Info маалымат агенттиги.
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 28-апрелде, Коргоо министрлеринин жыйынына катышуу үчүн келген Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин коргонуу ведомстволорунун жетекчилерин кабыл алды.

Мамлекет башчысы Кыргызстан ШКУнун учурдагы төрагасы катары коргонуу тармагындагы практикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, анын ичинде биргелешкен машыгууларды өткөрүүгө, тажрыйба алмашууга жана коргонуу ведомстволорунун ортосундагы координацияны күчөтүүгө өзгөчө маани берерин белгиледи.

Президент Садыр Жапаров Коргоо министрлеринин жыйынында жетишилген макулдашуулар ШКУ аймагында коргонуу жаатындагы кызматташтыкты жана жалпы коопсуздукту андан ары чыңдоого салым кошот деп ишенерин билдирди.

Сүрөт: Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы

error: