ООГАНИСТАН, 2026-жылдын 2-майы – Karavan Info маалымат агенттиги. Ооганстандын Соода-өнөр жай палатасы Кабулда бешинчи Улуттук жана Эл аралык өнөр жай жана тоо-кен жумалыгы өтөрүн жарыялады.

Көргөзмөгө ар кайсы өлкөлөрдөн келген өнөр жай тармагынын өкүлдөрү катышат.
Ооганстан эл аралык көргөзмө борборунун жетекчиси Мохаммад Сабир Латифи бул иш-чара Борбордук Азия жана коңшу өлкөлөр менен кызматташууну өнүктүрүүгө, ошондой эле соода келишимдерине кол коюуга шарттарды түзөрүн билдирди.
Ооганстандын өнөр жай жана минералдык ресурстар министринин орун басары Хан Мохаммад Вардак көргөзмөгө Иран, Кытай, Индия жана Борбордук Азия өлкөлөрүнөн инвесторлор чакырылганын белгиледи.
Эл аралык компаниялар бул мүмкүнчүлүктү инвестицияларды жана сооданы кеңейтүү үчүн пайдаланат деп күтүлүүдө.
Сүрөт: Бахтар маалымат агенттиги
