Казак дыйкандары сугат мезгилине суу менен камсыз болду – ИА Караван Инфо
Казак дыйкандары сугат мезгилине суу менен камсыз болду

Сезон башталгандан бери 20 миңден ашык казакстандык дыйкандар сугат суусуна ээ болушту. «Казводхоздун» маалыматы боюнча бүгүнкү күндө 2,8 миллиард куб суу берилип, сугат иштери кадимкидей уланууда.

Үзгүлтүксүз суу менен камсыз кылуу үчүн быйыл инфраструктураны масштабдуу жаңылоо иштери жүргүзүлдү. Гидроэлектростанциялар оңдолуп, ирригациялык тармактар ​​тазаланып, гидротехникалык курулуштар калыбына келтирилди. Бул чаралардын, ошондой эле Казводхоз менен дыйкандардын түздөн-түз келишимдерине өтүүнүн аркасында көпчүлүк дыйкандардын сугат суунун өзүнө турган наркын төмөндөтүүгө мүмкүн болду.

Жалпысынан «Казводхоз» быйылкы жылы 790 миц гектардан ашык айыл чарба талааларын сугаруу учун 7,6 миллиард кубометр сууну багыттоону пландаштырууда. Бул туруктуу түшүмдү камсыз кылып, Казакстандын айыл чарбасына колдоо көрсөтөт.

Сүрөт: pixabay.com/jackmac34

error: