ТАШКЕНТ, 2026-жылдын 1-июну – Karavan Info маалымат агенттиги. Ташкент эл аралык конгресс борборунда маданият, искусство жана адабият өкүлдөрүнө мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземи өттү. Иш-чарага Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев катышты.

Сыйлык тапшыруу аземи мамлекет башчысынын 28-майдагы жарлыгына ылайык өттү.
Аземде сөз сүйлөгөн президент өлкөнүн өнүгүшүндө маданияттын, адабияттын жана искусствонун маанисин баса белгилеп, мамлекеттин эл аралык кадыр-баркы анын экономикалык жетишкендиктери менен гана эмес, руханий жана маданий потенциалы менен да аныкталаарын белгиледи.
Быйыл чыгармачыл жана маданий чөйрөнүн 167 өкүлү мамлекеттик сыйлыктарга ээ болушту. Алардын арасында жазуучулар жана акындар, ырчылар жана музыканттар, композиторлор, театр жана кино актерлору, бий чеберлери, музейлердин, китепканалардын жана маданий мурас мекемелеринин кызматкерлери, кол өнөрчүлөр, сүрөтчүлөр, мугалимдер жана насаатчылар бар.
Мамлекет башчысы маданият жана искусство ишмерлеринин улуттук өзгөчөлүктү бекемдөөгө, жаштарды тарбиялоого жана руханий баалуулуктарды сактоого кошкон салымын өзүнчө белгиледи.
Ошондой эле, салтанатта адабият жана искусство тармагындагы көзү өтүп кеткен көрүнүктүү ишмерлердин элеси эскерилди. Мамлекеттик сыйлыктар каза болгондон кийин 24 маданият ишмерине тапшырылды.
Президент сыйлык ээлерине ордендерди, медалдарды жана ардак наамдарды тапшырып, аларды Өзбекстан элинин атынан куттуктап, аларга мындан аркы чыгармачылык ийгиликтерди каалады.
Сүрөт: Өзбекстан президентинин басма сөз кызматы
