Бишкек, 2026-жылдын 14-июну – Karavan Info маалымат агенттиги. Министрлер кабинетинин төрагасы жана Кыргызстандын Президенттик администрациясынын башчысы Адылбек Касымалиев жеңил өнөр жай кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Министрлер кабинетинин башчысы өз сөзүндө жеңил өнөр жай өлкө экономикасынын негизги тармактарынын бири бойдон калып, жумуш орундарын түзүүнү, ишкердикти өнүктүрүүнү жана экспорттук потенциалдын өсүшүн камсыз кылаарын белгиледи.
Касымалиевдин айтымында, 2025-жылдын аягына карата тармактын өндүрүш көлөмү 25 миллиард сомго жетип, экспорт 163,5 миллион долларды түзгөн. Ал бул көрсөткүчтөр ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн жогорку атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жана кыргыз продукциясынын сапатын көрсөтүп тураарын баса белгиледи.
Куттуктоодо он миңдеген жарандарды жумуш менен камсыз кылган жана экономикалык өсүштүн кыймылдаткыч күчтөрүнүн бири болгон тигүү өнөр жайына өзгөчө басым жасалган.
Ошондой эле, Министрлер кабинетинин башчысы мамлекет бизнести жеңилдетилген каржылоо, салык жеңилдиктери жана өндүрүштү модернизациялоо аркылуу колдоону улантып жатканын билдирди.
"Жеңил өнөр жайдагы 100 өнөр жай ишканасы" долбоорунун алкагында 2024–2025-жылдары 23 ишкана ишке киргизилген. Бул 3971 жаңы жумуш орундарын түзүп, жалпы инвестициянын көлөмү 6,7 миллиард сомду түзгөн.
Адылбек Касымалиев ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн электрондук коммерциядагы ийгиликтерин жана алардын санариптик платформалар аркылуу эл аралык рынокторго чыгышын өзгөчө белгиледи.
Соңунда ал өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн тармактын ардагерлерине жана жаш адистерге ыраазычылык билдирип, жеңил өнөр жай кызматкерлерине ден соолук, бакубаттуулук жана жаңы кесиптик жетишкендиктерди каалады.
Сүрөт: Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы
