Самарканд, 2026-жылдын 11-июну – Karavan Info маалымат агенттиги. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Самарканд облусундагы райондорду комплекстүү өнүктүрүү жана алыскы аймактардагы жашоо деңгээлин жакшыртууга арналган жыйын өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө Булунгур, Нарпай, Акдарыя, Пахтачи, Кошрабад жана Каттакурган райондорун, ошондой эле Каттакурган шаарын өнүктүрүүнү тездетүү чаралары талкууланды. 2026-жылы аймактын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын ишке ашырууга кошумча 100 миллион доллар бөлүндү.
Жаңы стратегияга ылайык, райондор тармактык адистештирүүгө негизденип өнүгөт. Булунгур, Кошрабад, Пахтачи жана Каттакурган райондору дыйканчылыктын, мал чарбачылыгынын жана багбанчылыктын борборлоруна айланат. Булунгурда жылына 100 000 башка кубаттуулуктагы асыл тукум фермасы куруу пландаштырылууда, ал эми Кошрабад жана Акдарыя райондорунда жылына 800 000 башка кубаттуулуктагы асыл тукум тоокторду өстүрүүчү жайлар болот.
Нарпай району жана Каттакурган шаары өнөр жай жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүнүн өсүү аймактары катары аныкталды. Нарпай районунда 100 гектар аянтта 500 миллион доллар инвестиция салынган өнөр жай зонасы түзүлөт. Долбоорлорго он ири жапон компаниясынын катышуусу пландаштырылууда. Ошондой эле туризмди өнүктүрүүгө жана жаңы инфраструктураны түзүүгө өзгөчө көңүл бурулат.
Региондун инфраструктурасын жакшыртуу үчүн социалдык объектилерди курууга, жолдорду жана коммуналдык тармактарды модернизациялоого, ошондой эле жаңы өндүрүштүк жайлар үчүн инфраструктура менен камсыз кылууга 1,2 триллион сум бөлүү сунушталды. Жыйындын жыйынтыгында ар бир райондун потенциалын максималдуу түрдө пайдалануу, жаңы жумуш орундарын түзүү жана аймактардын ортосундагы социалдык-экономикалык ажырымды азайтуу боюнча тапшырмалар берилди.
Сүрөт: nuz. uz(nur.uz)
