Астана, 2026-жылдын 19-июну – Karavan Info маалымат агенттиги. Казакстандын Башкы штабынын башчысы генерал-лейтенант Каныш Абубакиров жана анын беларусиялык кесиптеши генерал-майор Павел Муравейко борбор калаада Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) Куралдуу Күчтөрүнүн штаб башчылары комитетинин жыйынынын алкагында жолугушту.

Тараптар эки тараптуу аскердик жана аскердик-техникалык кызматташтыкты, аскердик билим берүү, кадрларды даярдоо, машыгуулар жана аскердик-патриоттук долбоорлор боюнча кызматташууну талкуулашты.
Беларус командасынын 21-27-июнь күндөрү Казакстанда өтө турган "Айбын-2026" (казакча "аскердик эрдик" дегенди билдирет) эл аралык жаштар аскердик-патриоттук лагерине катышуусу өзүнчө талкууланды.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки мамлекеттин куралдуу күчтөрүнүн ортосундагы өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүү ниеттерин тастыкташты.
Сүрөт : Казакстан Республикасынын Коргоо министрлиги
