Пакистандын президенти расмий сапар менен Кыргызстанга келет. - ИА Караван Инфо
Пакистандын президенти расмий сапар менен Кыргызстанга келет.

Бишкек, 2026-жылдын 6-июлу – Karavan Info маалымат агенттиги. Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун чакыруусу менен Пакистан Ислам Республикасынын Президенти Асиф Али Зардари ушул жылдын 6-июлунан 9-июлуна чейин Кыргыз Республикасына расмий сапар менен келет.

Чолпон-Атага болгон сапардын алкагында кеңейтилген форматта жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөр өткөрүлүп, анда эки тараптуу кызматташтыктын, ошондой эле БУУ, ШКУ, ИКУ жана ЭКО сыяктуу эл аралык уюмдардын алкагында өз ара аракеттенүүнүн негизги маселелери талкууланат.

Белгилей кетүүчү нерсе, Пакистандын президентинин расмий сапары эки өлкөнүн ортосундагы өнөктөштүктү жана достук мамилелерди өнүктүрүүдө маанилүү окуя болот.