Адылбек Касымалиев жана Михаил Мишустин кыргыз-орус кызматташтыгын өнүктүрүүнү талкуулашты
Бишкек, 2026-жылдын 6-июлу – Karavan Info маалымат агенттиги. Россия Федерациясына болгон жумушчу сапарынын биринчи күнүндө Кыргызстандын премьер-министри Адылбек Касымалиев Россиянын премьер-министри Михаил Мишустин менен жолугушту. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар ар кандай тармактардагы эки тараптуу кызматташтыктын учурдагы маселелерин талкуулашты.
Сүрөт: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети
