ООГАНИСТАН, 2026-жылдын 12-июлу – Karavan Info маалымат агенттиги. Ислам Кызматташтык Уюмуна (ИКУ) мүчө өлкөлөрдүн аялдар өкүлдөрүнүн аялдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө арналган эки күндүк тогузунчу конференциясы 12-июлда Исламабадда ачылат.

Дипломатиялык булактын маалыматы боюнча, иш-чарага катышуу үчүн "Талибан" кыймылы да чакырылган, бирок анын өкүлдөрү конференцияга катышпайт деп күтүлүүдө.
Конференция залында Ооганстандын мамлекеттик желеги менен кошо ИКУга мүчө 57 мамлекеттин желектери илинип турат. Бирок, форумда Ооганстанды ким көрсөтөөрү азырынча белгисиз.
Конференциянын уюштуруу тобунун булагы талиптер ИКУнун аялдар маселелери боюнча тогузунчу министрлер конференциясына чакырылганын ырастады, бирок алардын катышуу ыктымалдыгы төмөн деп эсептелген. Кыймыл өзү чакыруу же иш-чарага катышуу мүмкүнчүлүгү боюнча азырынча комментарий бере элек.
Форумду өткөрүп жаткан Пакистандын Адам укуктары министрлиги ар кайсы өлкөлөрдөн келген делегациялар Исламабадга келе жатканын жарыялады. Конференция төмөнкү аталыш менен өтүп жатат:
"Ислам дүйнөсүндөгү аялдардын социалдык-экономикалык жана саясий жактан күчтөндүрүлүшү: кыйынчылыктар жана аларды чечүү жолдору".
Форумга ИКУга мүчө мамлекеттердин аялдар иштери боюнча жооптуу министрлери, жогорку даражалуу кызмат адамдары, ИКУ агенттиктеринин өкүлдөрү, эл аралык уюмдар жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр катышаары күтүлүүдө. Аялдардын социалдык-экономикалык жана саясий катышуусуна, ошондой эле аларды колдоо жана алдыга жылдыруу боюнча тажрыйба алмашууга басым жасалат.
Конференцияга Пакистан төрагалык кылат.
Сүрөт: OIS социалдык медиа аккаунтунан
