Казакстан менен Таиланд соода жана туризм жаатында кызматташууну кеңейтүүнү көздөп жатышат.
Астана, 2026-жылдын 20-июлу – Karavan Info маалымат агенттиги. Шанхайга болгон жумушчу сапарынын алкагында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Таиланддын премьер-министри Анутин Чарнвиракул менен жолугушту. Мамлекет башчысы Казакстан Таиландды Түштүк-Чыгыш Азиядагы негизги өнөктөш катары көрөрүн белгиледи.
"Биз экономикалык кызматташтыкты, биринчи кезекте соода жана айыл чарба продукциясын жеткирүү жаатында кеңейтүү үчүн олуттуу мүмкүнчүлүктөрдү көрүп жатабыз", –деп баса белгиледи Президент.
2026-жылдын алгачкы төрт айында өлкөлөрдүн ортосундагы соода жүгүртүү 76% га өсүп, 110 миллион доллардан ашты. Тараптар ошондой эле бизнес үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында өкмөттөр ортосунда кызматташтыкты өнүктүрүүнү талкуулашты.
Туризмге өзгөчө көңүл бурулду. 2025-жылы Таиландга 150 миңден ашык казакстандык жаран барган жана Казакстан да бул өлкөдөн туристтерди тартууга кызыкдар.
«Таиланд Казакстан менен экономика, соода, санариптештирүү жана туризм жаатында кызматташууну бекемдөөгө кызыкдар», – деди Анутин Чарнвиракул.
Жолугушуунун жыйынтыгында Касым-Жомарт Токаев Таиланддын Премьер-министрин Казакстанга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды.