Путин: "Посейдон" даярдыктын акыркы этабында
МОСКВА, 2026-жылдын 27-июлу – Karavan Info маалымат агенттиги. Орусиянын президенти Владимир Путин Poseidon пилотсуз суу астындагы унаасын иштеп чыгуунун акыркы этабында экенин жарыялады.

Аны жакынкы аралыкта күжүрмөн кызматка коюу пландаштырылууда. Бул тууралуу мамлекет башчысы кечээ Санкт-Петербургда Аскер-деңиз флотунун кызматкерлери менен жолугушууда билдирди.
Буга чейин, 12-майда, Путин "Посейдон" жана "Буревестник" континенттер аралык канаттуу ракетасы боюнча иштер аяктап жатканын белгилеген.
Эки окуяны тең президент өзгөчө деп мүнөздөдү.
Сүрөт: ТАСС/Орусиянын Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы
