Токаев Жапониядагы катуу жер титирөөгө байланыштуу көңүл айтты
Астана, 2026-жылдын 4-августу – Karavan Info маалымат агенттиги. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кумамото префектурасындагы жер титирөөдөн улам көптөгөн адамдардын курман болгондугуна байланыштуу Жапониянын премьер-министри Санаэ Такаичиге көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.
«Мамлекет башчысы каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө чын жүрөктөн көңүл айтып, жаракат алгандардын баарына тезирээк сакайып кетишин каалады».
Сүрөт: Акорда
