БОРБОРДУК АЗИЯ, 2026-жылдын 7-августу – Karavan Info маалымат агенттиги. Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Кыргыз Республикасына келди. Бул тууралуу Министрлер кабинети билдирди.
Ысык-Көл эл аралык аэропортунда Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Ариповду Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу чарбасы, айыл чарбасы жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков тосуп алды.
Белгилей кетсек, Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны ушул жылдын 6-7-августунда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтүп жатат. Жыйынга Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин премьер-министрлери, ошондой эле байкоочу мамлекеттердин делегацияларынын жетекчилери катышууда.
