ООГАНИСТАН, 2026-жылдын 10-августу – Karavan Info маалымат агенттиги. Малайзиядагы Ооганстан элчилиги өлкөнүн "Нашр аль-Куран" уюму "Расто" фонду менен биргеликте Ооганстан үчүн 40 000 нускадагы Ыйык Куранды басып чыгара баштаганын жарыялады. Бул нускалардын айрымдары пушту тилине котормосу менен басылып чыгарылат.

Малайзиядагы Ооганстан элчилиги бул окуяга байланыштуу уюштурулган аземге Малайзиянын диний иштер министри Дато доктор Зулхафли Хасан, Малайзиядагы Талибан элчилигинин убактылуу өкүлү Накибулла Ахмади, Малайзиянын Ооганстан боюнча атайын өкүлү доктор Ахмад Азам, "Нашр аль-Куран" жана "Расто" фонддорунун жетекчилери жана башка бир катар расмий адамдар катышканын билдирди.
Элчилик Малайзиянын дин иштери боюнча министри бул демилгени ислам үммөтүнүн биримдигинин символу деп атап, Ооганстан менен илимий жана маданий кызматташтыктын маанилүүлүгүн жана улантылышын баса белгилегенин белгиледи.
Элчиликтин "Нашр аль-Куран" уюмунун жетекчиси Абдул Латиф Мирасуга шилтеме жасап билдиргенине караганда, Курандын бул нускаларынын айрымдары хафиздер* үчүн басылып чыгарылат, ал эми калган бөлүгү пушту тилине которулат.
*Хафиздер – Куранды толугу менен жаттаган адамдар (адатта, мындай көчүрмөлөр жаттоону жана окууну жеңилдетүү үчүн аяттарды саптарга бөлбөстөн басылып чыгарылат).
Сүрөт: Малайзиядагы Ооганстандын элчилиги
