Бишкек, 2026-жылдын 11-августу – Karavan Info маалымат агенттиги. Кыргызстандык команда III Эл аралык жасалма интеллект боюнча олимпиадада (IOAI 2026) алтын жана күмүш медалдарды, ошондой эле ардактуу дипломду жеңип алды.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигинин маалыматы боюнча, олимпиада 2026-жылдын 2-августунан 8-августуна чейин Казакстандын Астана шаарында өтүп, ага 106 өлкөдөн 400дөн ашык мектеп окуучусу катышкан.
Өлкөлөрдүн жалпы рейтингинде Кыргызстан командасы 15-орунду ээледи.
Топтун жетекчилери Тажибаев Исхак, Ишматов Мамат жана Беляев Артём Александрович.
Жасалма интеллект боюнча эл аралык олимпиада (IOAI) мектеп окуучулары үчүн сынак болуп саналат жана машиналык окутуу, маалымат таануу жана жасалма интеллект моделдерин иштеп чыгуу боюнча тапшырмаларды камтыйт.
Сүрөт: Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлиги
