ООГАНСТАН, 2026-жылдын 14-августу – Karavan Info маалымат агенттиги. Талибан кыймылынын Саламаттыкты сактоо министрлиги Гератта 30 миллион долларлык Dim Pharma фармацевтикалык заводунун ачылышын жарыялады. Завод болжол менен 300 түрдөгү дары-дармектерди чыгарууга жөндөмдүү.

Агенттиктин маалыматы боюнча, завод ата мекендик өндүрүштү өнүктүрүү, калкты жогорку сапаттагы дары-дармектер менен камсыз кылуу жана импортко көз карандылыкты азайтуу максатында түзүлгөн.
15 миллион долларлык долбоордун экинчи фазасынын пайдубалы да түптөлдү. Жаңы заводдо жылына 30 миллион ампулага чейин жана 25 миллион флаконго чейин инъекциялык дары-дармектерди чыгаруу пландаштырылууда.
Талибандын саламаттыкты сактоо министри Нуржалал Жалали заводдун ишке кириши Ооганстандын импорттолгон дары-дармектерге көз карандылыгын азайтып, өлкөнү фармацевтика тармагында өзүн-өзү камсыздоого жакындатат деп билдирди.
Буга чейин Кандагарда бир нече миллион долларга бааланган фармацевтикалык өндүрүш ишканасы ишке киргизилген. Бирок, бул долбоорлорго карабастан, өлкөдө дагы эле сапаттуу дары-дармектердин жетишсиздиги байкалууда.
Сүрөт: DID (Ди-Ай-Ди)
