Садыр Жапаров 2027-жылы президенттикке ат салышаарын жарыялады.
Бишкек, 2026-жылдын 14-августу – Karavan Info маалымат агенттиги. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров кийинки президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирди. Ал бул тууралуу журналист Али Токтакунов менен болгон маегинде билдирди.
Ошондой эле, мамлекет башчысы шайлоого каалаган адам катыша аларын баса белгиледи.
«Жол баарына ачык. Ким баргысы келсе, коё бергиле. Орусча айткандай, «желекти көтөргүлө». Биз эч кимди чектебейбиз, эч кандай тоскоолдук жаратпайбыз», – деди Садыр Жапаров .
Ошентип, президент жаңы мөөнөткө ат салышуу ниетин ырастады.
Кыргызстандагы кийинки президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январына белгиленген.
