2026-жылдын 17-августунда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров Вьетнам Социалисттик Республикасынын Кыргыз Республикасындагы жаңы дайындалган Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Нгуен Тхань Лени кабыл алды.

Жолугушууда Медер Абакиров Нгуен Тхань Лени дайындалышы менен куттуктап, анын ишмердүүлүгү кыргыз-вьетнам мамилелерин андан ары чыңдоого жана тереңдетүүгө салым кошот деп ишенерин билдирди.
Элчи Нгуен Тхань Ле ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн тапшырып жатып, өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана эки өлкөнүн ортосундагы биргелешкен демилгелерди алга жылдырууга активдүү көмөктөшүүгө даяр экенин билдирди.

Тараптар эки тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди, анын ичинде саясий, соода-экономикалык кызматташтыкты, жетишилген келишимдерди ишке ашырууну жана андан аркы кызматташуунун келечектүү багыттарын талкуулашты.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кыргыз-вьетнам мамилелерин андан ары чыңдоо боюнча өз ара пайдалуу диалогду жана биргелешкен ишти улантууга даяр экендиктерин ырасташты.
Булак: Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы элчилиги
