ООГАНИСТАН, 2026-жылдын 24-августу – Karavan Info маалымат агенттиги. БУУнун Гуманитардык иштерди координациялоо боюнча башкармалыгынын (OCHA) маалыматы боюнча, Ооганстандагы гуманитардык медициналык жардам системасы каржылоонун олуттуу жетишсиздигине туш болууда.

Саламаттыкты сактоо программалары үчүн 191 миллион доллар суралган, бирок бүгүнкү күнгө чейин 71 миллион доллар гана алынган — бул талап кылынган сумманын 37% гана түзөт.
Гуманитардык фонддун колдоосу менен мобилдик медициналык топтор өлкөнүн алыскы аймактарында иштеп, медициналык мекемелерге мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарга жардам көрсөтүп жатышат.
OHA каражаттын жетишсиздиги гуманитардык уюмдардын мүмкүнчүлүктөрүн чектеп жатканын эскертип, медициналык программалар үчүн кошумча каржылоону талап кылат.
Сүрөт: Маурисио Лима, The New York Times үчүн
