Мамлекет башчысы иш сапары менен Бишкекке келди.
Касым-Жомарт Токаев Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун чакыруусу менен Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин 26-жыйынына жана ШКУ+ жыйынына катышуу үчүн иш сапары менен Бишкекке келди.

Мамлекет башчысы ошондой эле VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий ачылыш аземине катышат.
"Манас" аэропортунда мамлекет башчысын Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы жана Президенттик администрациянын жетекчиси Адылбек Касымалиев тосуп алды.
Истончик: IA KHABAR
