Бишкекте ШКУ+ форматындагы жолугушуу башталды. - ИА Караван Инфо
Бишкекте ШКУ+ форматындагы жолугушуу башталды.

Бишкек, 2026-жылдын 1-сентябры – Karavan Info маалымат агенттиги. Бишкекте ШКУ+ форматындагы жогорку деңгээлдеги жолугушуу башталды.

Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларына чакырылган өлкөлөрдүн өкүлдөрү кошулду:

  1. Ильхам Алиев – Азербайжандын президенти;
  2. Во Тхи Ань Суан – Вьетнамдын вице-президенти;
  3. Никол Пашинян – Армениянын премьер-министри;
  4. Режеп Тайип Эрдоган – Түркиянын президенти;
  5. Ухнаагийн Хурэлсух – Монголиянын Президенти;
  6. Тонглун Сисулит – Лаостун президенти;
  7. Форе Эссозимна Гнассингбе – Тогонун Министрлер Кеңешинин төрагасы.

Жыйынга БУУнун баш катчысы Антониу Гутерреш да катышууда.

Кеңейтилген форматта катышуучулар БУУнун жана эл аралык укуктун борбордук координациялоочу ролун күчөтүү, туруктуу өнүгүүнү илгерилетүү жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулашат.

Эске сала кетсек, Шанхай кызматташтык уюму 2001-жылы түзүлгөн. Бүгүнкү күндө ага 10 мамлекет кирет: Кыргызстан, Орусия, Кытай, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Индия, Пакистан, Иран жана Беларусь.

ШКУ өлкөлөрүнүн жалпы аянты 35 миллион чарчы километрден ашат, же Евразиянын аймагынын болжол менен 65% түзөт. Алардын жалпы калкынын саны 3,4 миллиарддан ашат, бул дүйнө калкынын болжол менен 42% түзөт.

Уюмга кирген өлкөлөрдүн жалпы ИДПсы болжол менен 24,5 триллион долларды түзөт, бул дүйнөлүк экономиканын төрттөн бир бөлүгүн түзөт.

Сүрөт: Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы